Францияда тогуз карышкыр качкан зоопарк жабылды
Франциянын түштүгүндөгү Тарн провинциясында тогуз карышкыр качып кеткен зоопарк жабылды.
Франциянын түштүгүндөгү Тарн провинциясында тогуз карышкыр качып кеткен зоопарк жабылды.
Француз маалымат каражаттарынын кабарына караганда 19 - декабрда Монредон - Лабессонни шаарындагы зоопарктан тогуз карышкыр капастан качты.
Качкан карышкырлардын төртөөсү зоопарктын кызматкерлери тарабынан өлтүрүлүп, 5 карышкыр уктатылды.
Карышкырлар качкан убакта зоопаркка келген кишилердин коркунучка кабылбастан чыгарылгандыгына карабастан, коопсуздук шарттарынын жакшыртылышы үчүн зоопарк январь айынын ортосуна чейин жабылды.
Trois Vallees зоопаркында 60 гектардык аянтта 70 түрдө 600гө жакын жаныбар жашайт.
Тектеш кабарлар
АКШдан Украинага 2 миллиард долларлык жардам
Украинага барган Блинкен Киевди колдоо боюнча комментарий берди.
Газада каза болгондордун саны 35 миң 233кө жетти
Израилдин Газа тилкесине 222 күндөн бери улантып жаткан кол салуулары тууралуу маалымат берилди.