Блинкен Столтенберг жана Трасс менен Орусияны сүйлөштү

Нед Прайс, сүйлөшүүлөргө байланыштуу жазуу түрүндө билдирүү жасады.

1752064
Блинкен Столтенберг жана Трасс менен Орусияны сүйлөштү

Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен, Орусиянын Украинага болгон коркунучун талкуулаш үчүн НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг Британиянын тышкы иштер министри Элизабет Трасс менен сүйлөштү.

Мамлекеттик департаменттин басма сөз катчысы Нед Прайс сүйлөшүүлөргө байланыштуу жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, Блинкен менен Столтенбергдин Орусиянын Украина чек араларындагы аскердик жайгашуусуна карата жалпы тынчсызданууларды сүйлөшкөнүн белгилеп: «Алар НАТОнун Орусияга карата мамилесин талкуулашты. Союздаштарын коргоого жана жактоого чечкиндүү болгон уюмдун Орусия менен маңыздуу диалогго да даяр экенин билдиришти»,-деди.

Блинкен менен Трасстын «Орусиянын Украинага каршы күчөгөн агрессиясына күчтүү жана биргелешип жооп берүү менен бирге орток артыкчылыктарды» да талкуулаганын баса белгилеген Прайс, Украинага ыктымалдуу кол салуусуна байланыштуу Орусияны жоопко тартуу үчүн тараптардын шериктеш жана өнөктөктөштөрдүн ортосунда координациялуу колдоонун камсыздалышы жана аны чыңдоонун мааниси боюнча макулдашкандарын айтты.



Тектеш кабарлар