Техаста Мексика чек арасына дубалдын курулушу кайрадан башталды

Техас губернатору Грег Эбботт бул темага байланыштуу билдирүү жасады.

1749888
Техаста Мексика чек арасына дубалдын курулушу кайрадан башталды

Америка Кошмо Штаттарында (АКШ) Техас штаты, АКШнын мурунку президенти Дональд Трамптын тушунда баңги соодасын жана иммигранттардын мыйзамсыз өтүүлөрүн ооздуктоого багытталган дубалдын курулушун кайра баштады.

Техас губернатору Грег Эбботт бул темага байланыштуу билдирүүсүндө, долбоорду жарыялагандан 6 ай өткөндөн кийин курулуштун болуп көрбөгөндөй ылдамдыкта уланганын жана дубалда күнүнө 100 метрден ашуун жылыш болуп жатканын маалымдады.

Эбботтун айтымында, бул Техастагы чек ара дубалынын долбоорунун биринчи фазасы гана эмес, адам жана баңги аткезчилигинин, мыйзамсыз иммиграциянын алдын алуу жана адамдардын коопсуздугун сактоо үчүн маанилүү этап болуп саналат.

Губернатор Эббот буга чейин эч бир штаттын өз алдынча дубал курууга аргасыз болгондугун белгилеп, Техас улуттук гвардиясынын аскерлеринин да аймакка жайгаштырылганын белгиледи.

Дубалдын курулушу Трамптын башкаруучулугунда колдонулган темир мамылар менен уланууда.



Тектеш кабарлар