АКШда биринчи жолу бир мусулман «Дин эркиндигинин элчиси» болуп дайындалды

АКШнын президенти Жо Байден тарабынан 30 - июлда «АКШнын эл аралык дин эркиндигинин элчиси» катары сунушталган Решад Хусейиндин талапкерлиги кечээ сенаттын Жалпы Кеңешинде  добушка коюлду.

1749233
АКШда биринчи жолу бир мусулман «Дин эркиндигинин элчиси» болуп дайындалды

Америка Кошмо Штаттарында  биринчи жолу бир мусулман «Дин эркиндигинин элчиси» болуп дайындалды.

АКШнын президенти Жо Байден тарабынан 30 - июлда «АКШнын эл аралык дин эркиндигинин элчиси» катары сунушталган Решад Хусейиндин талапкерлиги кечээ сенаттын Жалпы Кеңешинде  добушка коюлду.

Талапкерлиги 85 добушка каршы  5 добуш менен жактырылган Хусейин бул кызматка дайындалган алгачкы мусулман болду.

АКШнын Вайоминг штатында индиялык мусулман үй - бүлөдө төрөлгөн Хусейин саясат таануу, араб жана ислам илимдерин изилдеп, Йель университетинен профессордук наамын алган.

АКШнын Улуттук коопсуздук кеңешинин өнөктөштүк жана глобалдык коммуникациялар боюнча директорлугун аткарган Хусейин буга чейин Юстиция министрлигинин Улуттук коопсуздук бөлүмүндө иштеген.

Хусейин АКШнын мурдагы президенти Барак Обама мезгилинде  АКШнын Ислам Кызматташтык Уюмундагы атайын өкүлү жана стратегиялык антитеррордук атайын өкүлү болуп иштеген.



Тектеш кабарлар