Японияда бир клиникада өрт чыкты

Өрттө 24 адам каза болду.

1748925
Японияда бир клиникада өрт чыкты

Япониянын Осака шаарындагы клиникада чыккан өрттөн 24 адам каза болду.

Киташинчи районундагы Japan Railways Осака станциясына жакын жердеги 6 кабаттуу имараттын  4 - кабатындагы клиникада өрт чыкты.

Өрт өчүрүүчү жана тез жардам унаалары аймакка жиберилип, өрт кыска убакытта өчүрүлдү. 

Өрттө 27 адам жаракат алды. Жаракат алгандардын баарынын  жүрөгү капыстан  токтоп калган деген диагноз менен ооруканага жаткырылды.

Коомдук NHK телеканалы ушул кезге чейин 19 адамдын каза болгондугун билдирди.  Мамлекеттик укук коргоо органдары өрттүн атайын өрт коюдан улам келип чыккандыгын билдиришти.  

Клиникада психосоматикалык жана психиатриялык дарылоо кызматтарынын көрсөтүлүп жаткандыгы билдирилди. 

Премьер-министр Кишида Фумио бул тууралуу билдирүүсүндө окуяны «трагедиялуу» деп мүнөздөп, «анын кайталанбашы үчүн бардык чараларды көрүшөрүн» айтты.



Тектеш кабарлар