Француз журнал «Capital» Түркиянын куралдуу учкучсуз учуучу аппараттары жөнүндө жазды

«Түркия Африкадагы таасирин кеңейтип, куралдуу учкучсуз учуучу аппараттарды сыр нан сыяктуу сатууда» аттуу кабарында, Африка лидерлеринин 17-18-декабрда Стамбулга чакырылганы билдирилди.

1748965
Француз журнал «Capital» Түркиянын куралдуу учкучсуз учуучу аппараттары жөнүндө жазды

Францияда ай сайын чыгуучу экономика журналы «Capital» Түркиянын, президент Режеп Таййип Эрдогандын негизинде Африкадагы таасирин арттырып, өндүргөн куралдуу учкучсуз учуучу аппараттарын «сыр нандай» сатып жатканын жазып чыкты.

Айя София-и Кебир мечити мукаба сүрөтү катары колдонулган кабарда, өткөн жылы Азербайжандын Арменияга каршы коргонуусуна ийгиликтүү жардам берген түрк куралдуу учкучсуз учуучу аппараттарынын аброюнун көтөрүлгөнү белгиленип: «Түркия соода жана кызматташтыктан кийин Африкада коргонуу тармагында өнүгүүнү каалайт жана бул жагынан куралдуу учкучсуз учуучу аппараттарына ишенет»,-деп жазылды.

«Түркия Африкадагы таасирин кеңейтип, куралдуу учкучсуз учуучу аппараттарды сыр нан сыяктуу сатууда» аттуу кабарында, Африка лидерлеринин 17-18-декабрда Стамбулга чакырылганы, континент менен болгон экономикалык форумдан эки ай өткөндөн кийин өткөрүлгөн бул саммитте өзгөчө коопсуздук темаларына көңүл бурулганы баса белгиленди.

Түркиянын Сомалиде аскердик базасы бар экени эске салынган кабарда, Марокко менен Тунистин биринчи түрк куралдуу учкучсуз учуучу аппараттарын сентябрь айында тапшырып алганы, Анголанын да президент Эрдогандын октябрь айында өлкөгө жасаган сапарында куралдуу учкучсуз учуучу аппараттарга кызыккандыгын билдиргени айтылды.

Кабарда Түркиянын Эфиопия менен да аскердик келишимге кол койгону, Эрдогандын Ангола, Нигерия жана Того сапарынан кийин: «Африканын кайсы жерине барбайын бардыгы учкучсуз учактар ​​жөнүндө сөз кылып жатышат»,-дегенин жазган.  

Түрк куралдуу учкучсуз учуучу аппараттарынын 2019-жылы биринчи жолу Ливиядагы эл аралык таанылган мыйзамдуу өкмөт менен түзүлгөн коргонуу келишимдери жана Ливияда колдонулушу менен көңүл бурганы белгиленген кабарда, Түркиянын коргоо тармагында Африка менен кызматташтыкты өнүктүрүү аракетинин курал-жарак, аскердик ок-дары же унаа сатуу менен эле чектелбестиги, Того армиясынын Түркиянын колдоосу менен модернизацияланганы билдирилди.

Түркиянын 37 аскердик кеңсеси менен Африкадагы таасирин акырындык менен арттырганы баса белгиленген кабарда, мунун президент Эрдогандын алдыбыздагы жылдарда континент менен соода көлөмүн үч эсеге көбөйтүп, 75 миллиард долларга жеткирүү максатына туура келгени айтылды.



Тектеш кабарлар