Песков: «Орусия АКШ менен коопсуздук кепилдиги боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө даяр»

Орусиянын Президенттик сарайынын Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков, АКШ жана НАТОго берген түрдүү коопсуздук кепилдиктеринин мыйзамдык негиздери тууралуу сунуштарды бейтарап өлкөдө сүйлөшүүгө даяр экендиктерин билдирди.

1748632
Песков: «Орусия АКШ менен коопсуздук кепилдиги боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө даяр»

 

Орусия Америка Кошмо Штаттары (АКШ) менен коопсуздук кепилдиги боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө даяр экенин билдирди.

Орусиянын Президенттик сарайынын Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков, АКШ жана НАТОго берген түрдүү коопсуздук кепилдиктеринин мыйзамдык негиздери тууралуу сунуштарды бейтарап өлкөдө сүйлөшүүгө даяр экендиктерин билдирди.

Песков борбор шаар Москвада Орусия менен Батыш өлкөлөрүнүн карым-катнаштарына баа берди.

«Азырынча биз фундаменталдуу маселелер боюнча бир пикирге келе албайбыз. Бирок саясий эрктин декларациясы диалогду улантуу үчүн плюс болот. Бул татаал шарттарда диалог сөзсүз керек»,-деди ал.

Орусиянын АКШ жана НАТОго мыйзамдуу негизде ар кандай коопсуздук кепилдиктерин түзүүгө багытталган сунуштарынын АКШга жеткирилгенине көңүл бурган Песков, Кремлдин тышкы саясат боюнча кеңешчиси Юрий Ушаковдун кечээ АКШнын Москвадагы элчиси Жон Салливан менен сүйлөшкөнүн айтты.

Дмитрий Песков: «Ушаков Салливанга бул документтердин долбоорлору боюнча сүйлөшүүлөрдү токтоосуз баштоого даяр экенибизди айтты. Биз кабыл алган чечимге ылайык, бул сүйлөшүүлөрдү ар түрдүү тармактардагы эксперттер менен жүргүзө турган Орусиянын тышкы иштер министринин орун басары Сергей Рябков сүйлөшүүлөрдү баштоо үчүн каалаган убакта каалаган бейтарап өлкөгө учуп барууга даяр»,-деди.

Орусиянын президенти Владимир Путин менен АКШнын президенти Жо Байдендин жылдын аягына чейин кайрадан жолугушуусу ыктымал экенин белгилеген Песков, бул темада азырынча макулдашуу боло электигин белгиледи.

Германиянын 2 орус дипломатын «персона нон грата» деп жарыялоо чечимине баа берген Песков бул чечимдин эки тараптуу карым-катнаштар үчүн «жагымсыз» болгонун, бирок эки өлкөнүн ортосундагы жогорку деңгээлдеги диалогго таасир этпеши керектигин баса белгиледи.



Тектеш кабарлар