Марста суу табылды

Күн системасынын эң чоң каньону болгон Valles Marineris Марстын экваторунун түштүк тарабында жайгашкан.

1748414
Марста суу табылды

Европанын космос агенттиги (ESA) Марстагы Valles Marineris каньонунда Нидерландиянын көлөмдөй суу бар экенин жарыялады.

Илимпоздор бул суунун келечектеги изилдөөчүлөр тарабынан оңой эле пайдалана алаарын белгилешти.

Күн системасынын эң чоң каньону болгон Valles Marineris Марстын экваторунун түштүк тарабында жайгашкан.

Valles Marineris Жердеги (Америка Кошмо Штаттарынын Аризона штатындагы) Чоң Каньондон болжол менен 10 эсе узун жана беш эсе терең.

Каньондогу суу, Европанын космос агенттиги (ESA) менен Орусиянын Роскосмос агенттигинин биргелешкен долбоору ExoMars Trace Gas Orbiter тарабынан аныкталды.



Тектеш кабарлар