Дельта менен Омикронго биргеликте чалдыгуу супер мутацияга себеп болушу мүмкүн

Американын Moderna фармацевтикалык компаниясынын башкы дарыгери Пол Бертон кооптонууну жараткан коронавирустун варианттары тууралуу билдирүү жасады.

1748512
Дельта менен Омикронго биргеликте чалдыгуу супер мутацияга себеп болушу мүмкүн

Коронавирустун (Ковид-19) Delta жана Omicron варианттары чогуу жукса жаңы жана кооптуу варианттын пайда болушу мүмкүн экени жарыяланды.

Американын Moderna фармацевтикалык компаниясынын башкы дарыгери Пол Бертон кооптонууну жараткан коронавирустун варианттары тууралуу билдирүү жасады.

Британ парламентинин илим жана технология боюнча комитетинин мүчөлөрүнө кайрылуу жасаган Бертон, бир эле учурда эки вариантка чалдыгуунун варианттардын жаңы комбинациясынын пайда болушуна мүмкүндүк бере аларына көңүл бурду.

Мындай абалды өзгөчө иммунитети начар адамдарда көрүүгө болорун белгилеген Бертон, аталган комбинациянын Ковид-19дун жаман симптомдорунун пайда болуу мүмкүнчүлүгүн жаратаарын айтты.

Орусиянын Вектордук вирусология изилдөө борборунун жетекчиси Александр Семёнов да адамдар бир эле учурда эки вариантка чалдыгышы мүмкүн экенин билдирген. Бирок Семёнов мындай абалдын өтө сейрек кездешерин айткан.



Тектеш кабарлар