АКШ Ооганстанга Ковид-19 вакцинасын берет

АКШнын Ооганстан боюнча атайын өкүлү Томас Уэст билдирүү жасады.

1748284
АКШ Ооганстанга Ковид-19 вакцинасын берет

Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) Ооганстан боюнча атайын өкүлү Томас Уэст өлкөсүнүн Ооганстанга кошумча 1 миллион доза коронавирус (Ковид-19) вакцинасын берерин билдирди.

Уэст өзүнүн жеке Твиттердеги баракчасынан жасаган билдирүүсүндө, Ковид-19 вакциналарына глобалдык жеткиликтүүлүк программасынын (COVAX) алкагында АКШнын Ооганстанга дагы 1 миллион доза вакцина берерин, ушундайча быйылкы жылы Ооганстанга жөнөтүлгөн дозанын 4,3 миллионго жете турганын айтты.

Бул жардамдын АКШнын Ооганстанга быйыл берген 474 миллион долларлык гуманитардык жардамына кошула турганын баса белгилеген Уэст: «Биз ооган элинин жанындабыз»,- деди.

Кытай да өткөн аптада Ооганстанга Sinopharm компаниясы тарабынан өндүрүлгөн 800 миң доза вакцинаны жөнөткөн болчу.



Тектеш кабарлар