Норвегияда Ковид-19 боюнча жаңы чектөөлөр
Жаңы чектөөлөрдүн бүгүн түн жарымынан тарта ишке ашырыла турганын билдирди.
Норвегияда коронавирус (Ковид-19) учурларынын санынын көбөйүшүнө байланыштуу өкмөт жаңы чараларды көрдү.
Премьер-министр Йонас Гар Стор пресс-конференцияда, Ковид-19 боюнча жаңы чектөөлөрдүн бүгүн түн жарымынан тарта ишке ашырыла турганын билдирди.
Стор белгилегендей, чектөөлөр алгач 4 жумага созулат, ресторандар менен барларда спирт ичимдиктерин сатуу токтотулуп, адамдар үйдөн иштөөгө үндөлөт.
Норвегиянын Коомдук саламаттыкты сактоо институтунун билдирүүсүндө да, сөөк коюуга 50 киши, башка жолугушууларга катышуу 20 киши менен чектелгени белгиленди.
Билдирүүдө жабык жайларда беткап кийүүнүн милдеттүү экени, үйлөрдө бир метр аралыкта отуруу шарты менен 10 кишинин, ал эми Рождество майрамында 20 кишинин конок болушуна уруксат берилери айтылды.
Мындан тышкары билдирүүдө Ковид-19 вакцинасынын 2-дозасы менен 3-дозасынын ортосундагы убакыт 4,5 айга кыскарып, 45 жаштан жогоркулар январь айынын 15не чейин 3-доза вакциналарын алуулары талап кылганы баса белгиленди.
Тектеш кабарлар
Газада каза болгондордун саны
Израилдин Газага 206 күндөн бери улантып жаткан кол салуулары тууралуу маалымат берилди.