АКШда куралдуу кол салуу болду

Кол салууда 20 жаштагы бир аял каза тапса, жаракат алган 13 киши жакынкы ооруканаларга жеткирилди.

1747127
АКШда куралдуу кол салуу болду

АКШнын Техас штатында сөөк коюу зыйнатында болгон куралдуу кол салууда бир адам көз жумуп, 13 киши жаракат алды.

Техас штатынын Хьюстон шаарында болгон кол салууда 20 жаштагы бир аял каза тапса, жаракат алган 13 киши жакынкы ооруканаларга жеткирилди.

Харрис округунун шерифи Эд Гонсалес Твиттердеги билдирүүсүндө, шектүүнүн сөөк коюу зыйнатына унаа менен жакындап келгенин, туш келди ок чыгарганын жана кол салуудан кийин тез эле окуя болгон жерден качып кеткенин кабарлады.

Кол салуунун себеби азырынча белгисиз.



Тектеш кабарлар