Лавров ирандык кесиптеши менен сүйлөштү

Лавров Абдуллахиян менен сүйлөшүүсүндө Ирандын өзөктүк келишимин талкуулады.

1746899
Лавров ирандык кесиптеши менен сүйлөштү

Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Ирандын тышкы иштер министри Хусейн Эмир Абдуллахиян менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Орусиянын Тышкы иштер министрлигинен берилген жазуу түрүндөгү маалыматка караганда, Лавров Абдуллахиян менен сүйлөшүүсүндө Ирандын өзөктүк келишимин талкуулады.

Эки министр Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Коопсуздук Кеңеши тарабынан бекитилген бул келишимди ишке ашыруу процессин кайра баштоого өз ара кызыкдар экендиктерин ырастаган сүйлөшүүдө, мунун бардык тийиштүү тараптардын укук жана кызыкчылыктарын камсыз кылуунун «бирден-бир туура жолу» экени баса белгиленди.

Лавров менен Абдуллахиян эки тараптуу карым-катнаштарды жана эл аралык маселелерди да талкуулашты.


Этикеткалар: #Ирандын өзөктүк

Тектеш кабарлар