Испанияда сел жана жер көчкү болду

табигый кырсыктан улам 1 адам каза болду.

1746076
Испанияда сел жана жер көчкү болду

Испаниянын түндүгүндө катуу жамгыр жаашы менен сел жана жер көчкү жүрүп 1 адам каза болду.

«Барра» бороону жалпы Испанияда таасирдүү болуп, өлкөнүн түндүгүндөгү Баск жана Наварра аймактарында селдин жүрүшүнө жана айрым дарыялардын ташуусуна себеп болду.

Наварра автономиясынын башкаруусу аймактагы 3 дарыянын ташкындаганын жана Памплона шаарынын кээ бир райондорунда сел жүргөнүн жарыялады.

Наварра автономиялуу аймагындагы Сунбилла шаарында 49 жаштагы аял жер көчкүдөн улам урап түшкөн алачыкта каза болду.

Баск аймагында Аргал жана Деба дарыяларынын ташкынынан улам Хуэрте, Виллава жана Мендаро шаарларында көптөгөн үйлөрдү суу каптады.



Тектеш кабарлар