Франциянын түштүгүндө сел жүрдү

Кырсыктан 1 адам жабыкады.

1746097
Франциянын түштүгүндө сел жүрдү

Франциянын Байонна шаарында нөшөрлөп жааган жамгырдан улам сел жүрдү. Нив дарыясындагы суунун деңгээли 6 метрден ашкандыктан, көчөлөр көлгө айланган.

Франциянын түштүк-батышында жайгашкан Байонна шаарында нөшөрлөгөн жамгыр сел алып келди.

Жергиликтүү жетекчилер Ниве дарыясынын  суусунун деңгээли 6 метр 15 сантиметрге чейин көтөрүлнөндүгүн билдирди. 

Дарыянын ташуусу менен көчөлөрдү суу каптап, айрым унаалардын сел сууларына кабылгандыгы байкалды. 

Дарыянын жээгиндеги ишканалардын ишин токтотуу талап кылынып, поезд каттамдары үзгүлтүккө учурап, аймак боюнча жүздөгөн үйлөрдө электр энергиясы үзгүлтүккө учурады.

Ички иштер министри Жеральд Дарманин журналисттерге: «Оор кырсык жана адам өлүмү болгон жок, 1 адамдын жабыркады. Өрт өчүргүчтөр 250дөн ашык чакырууга барышты», - деп билдирди. 



Тектеш кабарлар