Путин менен Байдендин видеоконференция аркылуу жолугушуусу өттү

Байден менен Путиндин кечээки 2 саатка созулган жолугушуусу тууралуу Ак үйдөн жазуу түрүндөгү маалымат берилди. Ошондой эле Кремлден да жазуу жүзүндө маалымат таратылды.

1744526
Путин менен Байдендин видеоконференция аркылуу жолугушуусу өттү
putin-biden1.jpg
putin-biden.jpg

Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) президенти Жо Байден менен Орусиянын президенти Владимир Путин видеоконференция аркылуу жолугушууда Украина чек арасындагы чыңалууну талкуулашты.

Байден менен Путиндин кечээки 2 саатка созулган жолугушуусу тууралуу Ак үйдөн жазуу түрүндөгү маалымат берилди.

Билдирүүдө Байдендин өлкөсү жана анын европалык өнөктөштөрү Орусиянын Украина чек арасында аскерий күч түзүшүнө терең тынчсыздануусун билдирип, «Байден эгер Орусия Украинадагы аскердик чыңалууну күчөтсө, АКШ жана анын союздаштары катуу экономикалык жана башка чаралар менен жооп кайтарарын ачык айтты»,- делди.

Жолугушууда Байден Украинанын эгемендүүлүгүн жана аймактык бүтүндүгүн колдой турганын баса белгилеп, АКШ президентинин «чыңалууну азайтууга жана дипломатияга кайтууга» чакырганы кабарланды.

Орусиянын Президенттик сарайынан (Кремль) жасалган жазуу түрүндөгү маалыматта жолугушуунун «ачык» жана «ишке багытталган» болгону белгиленип, эки лидер 16-июнда Швейцариянын Женева шаарында өткөрүлгөн саммиттин жыйынтыктарынын аткарылышын сүйлөшүшкөнү белгиленди.

Украина маселесинин да сүйлөшүлгөнү белгиленген билдирүүдө 2015-жылы түзүлгөн Минск келишимдерин ишке ашырууда эч кандай жылыш болбогону белгиленди.

Билдирүүдө, «НАТО Украинанын аймагын чалгындоо үчүн кооптуу аракеттерди жасап жатат жана биздин чек арага жакын жерде өзүнүн аскердик потенциалын өнүктүрүүдө. Андыктан Орусия НАТОнун чыгышты көздөй кеңейишине жана Орусиянын коңшу өлкөлөрүндө курал-жарак системаларын жайгаштырууга жол бербөөчү ишенимдүү жана юридикалык деңгээлдеги кепилдиктерге ээ болушуна тиешелүү»,деген баалоо жүргүзүлдү.

Билдирүүдө Орусия менен АКШнын кызматташтыгы дагы эле «канааттандырарлык эмес абалда» деп белгиленгени менен, Путин Байденге эки өлкөнүн дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн ишмердүүлүгүнө киргизилген чараларды жокко чыгарууну сунуштады.

АКШ-Орусия стратегиялык ырааттуулук диалогу, кибер чабуул көйгөйү жана Иран сыяктуу аймактык маселелерди караган Путин менен Байден командаларына бул темаларды кылдат байкоону буйруду.



Тектеш кабарлар