Норвегияда Рождестволук кечки тамакка келген 120 адамдан Omicron варианты табылган

Норвегиянын Коомдук саламаттыкты сактоо институту 18-ноябрда Ослодогу Луиза ресторанында Рождестволук кечки тамакка келген 120 адамда Ковид-19дун Omicron варианты табылганын жарыялады.

1743228
Норвегияда Рождестволук кечки тамакка келген 120 адамдан Omicron варианты табылган

Норвегиянын борбору Осло шаарындагы ресторанда массалык Рождестволук кечки тамакка катышкан 120 адамдан коронавирустун жаңы түрүнүн (Ковид-19) Omicron варианты табылган.

Норвегиянын Коомдук саламаттыкты сактоо институту 18-ноябрда Ослодогу Луиза ресторанында Рождестволук кечки тамакка келген 120 адамда Ковид-19дун Omicron варианты табылганын жарыялады.

Өлкөнүн мамлекеттик телеканалы NRK кабарында Норвегиянын Scatec энергетикалык компаниясынын Рождество майрамына катышкандардын арасында Түштүк Африкадан иш сапарлары болгондугу жана Omicron варианты бул адамдар аркылуу жуккандыгы айтылды.

Осло муниципалитети 18-ноябрда ресторанда отургандарды муниципалитет менен байланышууну суранды.

Норвегиянын саламаттыкты сактоо директорунун орун басары Эспен Роструп Накстад NRKге жасаган билдирүүсүндө Ковид-19дун Omicron варианты артыкчылыкка айланышы мүмкүн деп ырастады.

Накстад: «Омикрондун симптомдору өтө жеңил жана оору жеңил симптомдор менен өөрчүйт. Эгер ошондой болсо, ал адамдарды катуу оорутпай жана саламаттыкты сактоо системасына оорчулук келтирбестен, Ковид-19га каршы кеңири иммунитетке алып келиши мүмкүн. Ансыз деле баары каалаган натыйжа бул»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар