Украинада чет элдик аскердик бөлүктөр тууралуу мыйзам долбоору парламентке сунушталды

Владимир Зеленский чет элдик аскердик бөлүктөрдүн эл аралык машыгууларга катышуу үчүн 2022 -  жылы өлкөгө киришине уруксаттын берилишине байланыштуу мыйзам долбоорун Жогорку Радага (парламентке) сунуштады.

1740753
Украинада чет элдик аскердик бөлүктөр тууралуу мыйзам долбоору парламентке сунушталды

Украинанын президенти Владимир Зеленский чет элдик аскердик бөлүктөрдүн эл аралык машыгууларга катышуу үчүн 2022 -  жылы өлкөгө киришине уруксаттын берилишине байланыштуу мыйзам долбоорун Жогорку Радага (парламентке) сунуштады.

Спутник агенттигинин маалыматына ылайык, мыйзам долбоору "Украина президентинин 2022-жылдагы көп улуттуу машыгууларга катышуу үчүн башка өлкөлөрдүн аскер бөлүктөрүнүн өлкө аймагына кирүүсүнө уруксат берүү боюнча токтомун бекитүү тууралуу мыйзам долбоору" деп аталат.

Украинанын мыйзамдарына ылайык, өлкөдө мыйзамда каралбаган бардык аскердик түзүлүштөрдүн ишмердүүлүгүнө тыюу салынган. Өлкөдө чет элдик аскердик базаларды түзүү да мыйзамсыз болгондуктан, чет элдик аскерлер өлкөгө президент тарабынан Радага жиберилген атайын сунуштар менен гана кире алышат.

Украинада 2021 – жылдагы эл аралык аскердик машыгууларга чет элдик аскерлердин катыша алышы үчүн 2020 -  жылы да атайын уруксат чыгарылган.



Тектеш кабарлар