Украинада Африканын 7 өлкөсүнөн келгендер карантинге алынат
Украин жарандарына Ковид-19 вирусунун жаңы варианты табылган 7 өлкөгө барбоого кеңеш берилди.
1740394
Украина коронавирустун (Ковид-19) Omicron вариантынан улам Африканын 7 өлкөсүнөн келгендерге 14 күндүк карантинди колдонууну чечти.
Украинанын Саламаттыкты сактоо министрлиги акыркы 14 күндө Түштүк Африка, Ботсвана, Зимбабве, Намибия, Лесото, Эсватини жана Мозамбикте 7 күндөн ашык калган жарандардын өлкөгө киргенден кийин 14 күн карантинде болушу керектиги тууралуу билдирүү жасады.
Билдирүүдө украин жарандарына Ковид-19 вирусунун жаңы варианты табылган бул 7 өлкөгө барбоого кеңеш берилди.