НАТО менен АКШ Орусияны дагы бир жолу эскертти

Столтенберг менен Блинкен Орусияны Украинага каршы күч колдонбоого чакырышты.

1741002
НАТО менен АКШ Орусияны дагы бир жолу эскертти

НАТО менен АКШ жетекчилиги Орусиянын Украинага каршы күч колдонгон учурунда, "олуттуу кесепеттер жана чыгымдар" болорун дагы бир жолу эскертти.

НАТО өлкөлөрүнүн тышкы иштер министрлери, басымдуу түрдө Украина чек арасындагы кыймылдуулук жана 100 миңге жакын жоокери бар экени белгиленген Орусия менен Беларустун Польша, Латвия жана Литва чек арасындагы миграция маселесин талкуулаш үчүн Латвиянын борбору Ригада чогулушту.  

Түркияны тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу өкүлдүк кылган жыйындан мурда НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг менен АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен Орусияны Украинага каршы күч колдонбоого чакырышты.

НАТОнун баш катчысы Столтенберг жыйында 2014-жылы Крымдын мыйзамсыз аннексияланганын эске салып: «Эгерде Орусия кайрадан Украинага каршы күч колдоно турган болсо,  абдан чоң чыгымга учурайт», - деди.

АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен да Орусиянын Украина чек арасындагы активдүүлүгүнө тынчсызданып жатканын билдирди.

Орусиянын Украинаны туруксуздаштыруу аракети бар экенин айткан Блинкен, булардын Орусиянын тактикалык кадамдары экенин жана жакындан байкап жатышканын айтты.

Блинкен: «Кандайдыр бир жаңы агрессиянын оор кесепеттери бар», - деди.



Тектеш кабарлар