Палестинаны боштондукка чыгаруу уюму Марокконун Израиль менен түзгөн келишимин айыптады

Палестинаны боштондукка чыгаруу уюму Марокконун коопсуздук жаатында Израил менен өз ара түшүнүшүү меморандумуна кол коюусун айыптады.

1739529

Палестинаны боштондукка чыгаруу уюмунун аткаруу комитетинен берилген жазуу түрүндөгү маалыматта Израилдин коргоо министри Бенни Ганцтын Марокко сапары учурунда эки өлкөнүн коопсуздук тармагында кол койгон түшүнүшүү меморандумуна каршылык көрсөтүлдү.

Ислам Кызматташтык Уюмунун  Иерусалим комитетинин төрагалыгын аткарган Марокконун Палестина калкына каршы расисттик иш-аракеттерин уланткан Израил менен «бул коркунучтуу кадамга барышы» күтүлбөгөнү баса белгиленип, коопсуздук тармагында Израил менен кол коюлган меморандум араптардын улуттук коопсуздугуна жана кызыкчылыктарына тескери экендиги билдирилди.

Маалыматта Марокко башкаруусунун бул меморандумдан артка кадам ташташы талап кылынды.

Израилдин коргоо министри Ганцтын 24 – 25 - ноябрь күндөрүндө Мароккого болгон сапарынын алкагында эки өлкөнүн ортосунда чалгындоо, коргонуу өнөр жайы, коопсуздук жана билим берүү сыяктуу тармактарда өз ара түшүнүшүү меморандумуна кол коюлду.

Тектеш кабарлар