Путин менен Алиев Сочиде жолугушту

Путин Алиев менен болгон жолугушуусунда эки өлкөнүн саясий жана соода  карым - катнаштарынын өнүгүп жатканын айтты.

1739377
Путин менен Алиев Сочиде жолугушту

Россиянын президенти Владимир Путин менен Азербайжандын президенти Илхам Алиев Россиянын Сочи шаарында жолугушту.

Путин Алиев менен болгон жолугушуусунда эки өлкөнүн саясий жана соода  карым - катнаштарынын өнүгүп жатканын айтты.

Россия менен Азербайжандын ортосундагы соода көлөмүнүн быйылкы жылдын 9 айында өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 11 пайызга өскөнүн белгилеген Путин: "Россия Азербайжандын негизги соода өнөктөштөрүнүн бири болууну улантууда",-  деди.

Карабахта көйгөйлөрдүн уланып жатканын белгилеген Путин: «Россиянын тынчтык күчтөрү чөлкөмдө оң роль ойноп жатат. Түркия  - Россия биргелешкен байкоо борбору да эффективдүү иштеп жатат. Бирок тилекке каршы облуста айрым окуялар жана жоготуулар болууда»,- деди.

Армениянын премьер - министри Никол Пашинян да катыша турган бүгүнкү үч тараптуу саммитте Карабах темасынын кеңири карала турганын белгилеген Путин : «Биз бүгүн Карабахта элдин тынчтыгы  жана аймакты өнүктүрүү үчүн зарыл шарттарды түзүү үчүн чогулдук. Эмне жасаларын, эмне кылса болорун сүйлөшөбүз»,- деди.

Алиев да  Россия менен болгон карым - катнаштарын стратегиялык өнөктөштүк катары мүнөздөгөндөрүн, мунун өзүнчө эмес экенин, бирок карым - катнаштарды мындан ары өнүктүрүүгө басым жасашканын баса белгиледи.

Путин менен Алиевдин эки тараптуу жолугушуусунан кийин Сочиде Пашиняндын катышуусунда үч тараптуу саммит өткөрүлүшү пландалууда.



Тектеш кабарлар