Япония менен Россия сүйлөшүүлөрдү улантуу боюнча макулдашты

Хаяши Япония  -  Россия саясий, экономикалык жана маданий карым  - катнаштарынын «өз ара пайдалуу мамилелерди» өнүктүрүүнү каалашкандарын билдирди.

1739195
Япония менен Россия сүйлөшүүлөрдү улантуу боюнча макулдашты

Япония менен Россия эки өлкөнүн ортосундагы согуштан кийин тынчтык келишими сүйлөшүүлөрүнүн улантылышы тууралуу келишти.

Россиянын тышкы иштер министри Сергей  Лавров менен телефон аркылуу сүйлөшкөн Япониянын Тышкы иштер министри Хаяши Йошимаса эки тараптуу жана аймактык абалдарды карап чыгышты. Сүйлөшүүдө эки министр согуштан кийин тынчтык келишими сүйлөшүүлөрүнүн улантылышы боюнча макулдашышты. Ошондой эле эки министр Курил аймагындагы экономикалык иш  - чаралар жана бир топ эки тараптуу маселелерди сүйлөшүштү.

Хаяши Япония  -  Россия саясий, экономикалык жана маданий карым  - катнаштарынын «өз ара пайдалуу мамилелерди» өнүктүрүүнү каалашкандарын билдирди.

Түндүк Кореянын баллистикалык ракета сыноолорун талкуулаган эки тарап жакын арада бетме - бет жолугушууга даяр экендиктерин билдиришти.

Япониянын министри өлкөсүнүн Украина жана Беларусиядагы чыңалуунун күчөшүнө байланыштуу тынчсыздануусун орус кесиптешине билдирди.

Экинчи дүйнөлүк согушунун акырында Советтер союзу  1945 – жылы Япониянын Тынч океан менен Охот деңизин бири биринен бөлүп турган жана 1300 кидометрдик Курил аралдарын аннексиялаган.

Аннексиядан кийин Япония тарабынан «Түндүк аймактары» деп аталган жер тилкеси боюнча пикир келишпестиктерден улам  Россия менен Япониянын ортосунда тынчтык келишимине кол коюу үчүн өткөрүлгөн сүйлөшүүлөрдө тараптар бир жыйынтыкка келе албай жатат.



Тектеш кабарлар