Кишида Таиланд жана сингапурдук кесиптештери менен сүйлөштү

Япониянын премьер-министри Кишида Фумио Таиланд жана сингапурлук кесиптештерине Тынч океан аймагынын коопсуздугу үчүн кызматташтык билдирүүсүн берди.

1738057
Кишида Таиланд жана сингапурдук  кесиптештери менен сүйлөштү

Япониянын премьер-министри Кишида Фумио Таиланд жана сингапурлук кесиптештерине Тынч океан аймагынын коопсуздугу үчүн кызматташтык билдирүүсүн берди.

Таиланддын премьер-министри Прают Чан-о-ча менен телефон аркылуу сүйлөшкөн Япониянын премьер-министри Кишида Фумио эки тараптуу жана аймактык абалдарды талкуулады.

Кишида сүйлөшүүдө өлкөсү көздөгөн «Эркин жана Ачык Индо-Тынч океан» көз карашынын алкагында Япония менен Таиланддын ортосундагы эки тараптуу кызматташтыкты арттырууну каалагандарын билдирди.

Мьянмадагы абал да талкууланган сүйлөшүүдө Кишида өлкөсүнүн Түштүк - Чыгыш Азия мамлекеттеринин (АСЕАН) сөз болгон өлкөдөгү арачылык аракеттерине колдоо көрсөтүүнү уланта турганын билдирди.

Прают япон кесиптешин жаңы кызматы менен куттуктап, Токио - Бангкок мамилелерин чыңдоонун маанилүү экендигин белгиледи.

Кишида Сингапурдун премьер-министри Ли Сяньлун менен болгон өзүнчө телефон сүйлөшүүсүндө коопсуздук, экология жана санариптик технологиялар боюнча эки өлкөнүн ортосундагы ар тараптуу карым - катнаштарды өнүктүрүүнү каалашкандарын белгиледи.

Сүйлөшүүдө Кишида кесиптешине "Чыгыш жана Түштүк Кытай деңизиндеги статус-квонун бир тараптуу өзгөртүүсүнө каршы чыгуунун" маанилүү экендигин айтты.



Тектеш кабарлар