Путин Алиев жана Пашинян менен Сочиде жолугушат

Путин, Алиев жана Пашиняндын ортосунда Сочиде үч тараптуу жолугушуу өткөрүлөрү белгиленди.

1737700
Путин Алиев жана Пашинян менен Сочиде жолугушат

Орусиянын Президенттик сарайы Кремль Орусиянын президенти Владимир Путин, Азербайжандын президенти Илхам Алиев жана Армениянын премьер-министри Никол Пашиняндын 26-ноябрда Сочиде жолугушарын жарыялады.

Кремлден берилген жазуу түрүндөгү маалыматта Путин, Алиев жана Пашиняндын ортосунда Сочиде үч тараптуу жолугушуу өткөрүлөрү белгиленди.

Жолугушуунун 26-ноябрда боло турганы айтылган билдирүүдө: «Жолугушууда Карабак келишимдерин ишке ашыруунун жүрүшүн талкуулоо, аймакта стабилдүүлүктү бекемдөө жана бейпилдик жашоону орнотуу үчүн таштала турган кадамдарды белгилөө пландалууда», - деген сөздөр камтылды.

Аймактагы соода жана транспорттук байланыштардын ачылышына жана өнүгүшүнө өзгөчө көңүл бурула турганы маалымдалган билдирүүдө, Путиндин Алиев жана Пашинян менен да эки тараптуу жолугушууларды өткөрөрү белгиленди.



Тектеш кабарлар