Путиндин өкүлү Лаврентьев Ирандын тышкы иштер министри менен жолугушту

Лаврентьев жана Орусиянын тышкы иштер министринин орун басары Сергей Вершинин, ирандык министр Абдуллахиян менен «эки тараптуу карым-катнаштарды, аймактагы абалдарды жана Сириядагы кырдаалды» талкуулашты.

1736788
Путиндин өкүлү Лаврентьев Ирандын тышкы иштер министри менен жолугушту

Орусиянын президенти Владимир Путиндин Сирия боюнча атайын өкүлү Александр Лаврентьев Ирандын тышкы иштер министри Хусейн Эмир Абдуллахиян менен бул өлкөнүн борбор шаары Тегеранда жолукту.

Ирандын Тышкы иштер министрлигинен берилген маалыматка караганда, Сириянын борбор шаары Дамасктан кийин Тегеранга барган Лаврентьев жана Орусиянын тышкы иштер министринин орун басары Сергей Вершинин Абдуллахиян менен «эки тараптуу карым-катнаштарды, аймактагы абалдарды жана Сириядагы кырдаалды» талкуулашты.

Жолугушууда Абдуллахиян, Астана процессинин алкагында «Сириялыктардын өз ара сүйлөшүүлөрү бул өлкөдөгү кризистин жалгыз саясий чечими болуп саналат»,-деди.

Ирандык министр ошондой эле Орусия менен туруктуу жана узак мөөнөттүү кызматташтыкты өнүктүрүүнү каалашкандарын белгилеп, «Москва менен Тегерандын Сирияны кайра куруу үчүн биргелешип иштешүүсүнүн» маанилүүлүгүн баса белгиледи.



Тектеш кабарлар