2021-жыл эң ысык 10 жылдын бири болушу мүмкүн

АКШнын Океан жана атмосфера боюнча улуттук башкармалыгы абанын температурасы боюнча отчет жарыялады.

1735035
2021-жыл эң ысык 10 жылдын бири болушу мүмкүн

2021-жылдын, акыркы 141 жылдан берки эң ысык 10 жылдын бири болушу мүмкүн экени айтылды.

Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) Океан жана атмосфера боюнча улуттук башкармалыгы абанын температурасы боюнча отчет жарыялады.

Отчетто абанын температурасы жылдын аягына чейин учурдагы орточо көрсөткүч менен улана турган болсо, 2021-жылдын 1880-жылдан бери катталган эң ысык 10 жылдын бири болушу мүмкүн экени эскертилди.

Ошондой эле өткөн кылымда дүйнөдө эң ысык болгон биринчи 5 жылдын барынын 2015-жылга жана андан кийинки жылдарга таандык экени да отчетто жазылды.

Бул абал глобалдык жылуулуктун прогрессинин акыркы белгилери деп эсептелүүдө.



Тектеш кабарлар