Боррель: «Гуманитардык уюмдардын аймакка киришине уруксат бериңиздер»

Боррель социалдык медиа эсебинен Беларустун тышкы иштер министри Владимир Макей менен сүйлөшкөнүн жарыялады.

1733955
Боррель: «Гуманитардык уюмдардын аймакка киришине уруксат бериңиздер»

Европа Биримдигинин (ЕБ) тышкы байланыштар жана коопсуздук саясаты боюнча жогорку өкүлү Жозеп Боррель Польша чек арасынан ЕБге кирүүнү каалагандарга жардам берүү үчүн гуманитардык уюмдардын аймакка киришине уруксат берүүнү суранды.

Боррель социалдык медиа эсебинен Беларустун тышкы иштер министри Владимир Макей менен сүйлөшкөнүн жарыялады.

Боррель сүйлөшүүсүндө Беларусь-Польша чек арасындагы сезимтал гуманитардык абалга токтолгонун белгилеп: «Адамдардын өмүрү корголушу керек жана гуманитардык уюмдарга кирүү мүмкүнчүлүгүн берүү керек»,-деди.

Боррель чек арадагы азыркы абалдын кабыл алынгыс экенин, адамдардын курал катары колдонулбашы керектигин баса белгиледи.

Ирак, Сирия жана Ооганстан сыяктуу өлкөлөрдөн келген миңдеген адамдар биринчи кезекте Беларустан Польшага, ал жерден Европа Биримдигиндеги Польшанын кошуна өлкөлөрүнө кирүүгө аракет кылышкан. Бул абал акыркы апталарда ЕБ менен Беларустун ортосунда кризисти жараткан.

Евробиримдиктин администрациясы Беларусту бул адамдарды ЕБни туруксуздаштыруунун куралы катары пайдаланып жатат деп айыптоодо. Беларус айыптоолорду четке кагууда.



Тектеш кабарлар