Британияга иммигранттардын өтүүсүндө жаңы рекорд
Британиянын Ички иштер министрлиги бир күндө 1000 иммигрант өлкөгө өткөнүн жарыялады.
1733077
Ла-Манш жээгинен Британияга иммигранттардын өтүүсү боюнча жаңы рекорд коюлду.
Британиянын Ички иштер министрлиги бир күндө 1000 иммигрант өлкөгө өткөнүн жарыялады.
Бир тараптан 2020-жылы Британияга 8404 киши өтсө, быйыл Франциядан кайык менен 23 миңден ашуун киши өттү.
Канал аркылуу Британияга өткөндөрдүн болжол менен 98 пайызы башпаанек сурашат.
2019-жылы өлкөдө башпаанек сурап 35 миң 737 арыз түшкөн. 2020-жылы бул сан 29 миң 815ке азайган. 2021-жылдын биринчи жарым жылдыгынын көрсөткүчтөрү 14 миң 670 арызды көрсөттү.