Румынияда Ковид - 19 ооруканасында өрт чыкты
Өрттө 2 бейтап каза тапты.
1732749
Румыниянын Плоешти шаарындагы Ковид - 19 ооруканасында өрт чыгып, 2 бейтап каза болду.
Полициянын басма сөз катчысы Михаэла Флореску оорукананын Ковид - 19 ооруканасында белгисиз бир себептен өрт чыкканын айтты.
Флореску дем алуу аппаратына туташкан 2 бейтаптын өрттөн каза болгонун белгиледи.
20 бейтаптын эвакуацияланганын белгилеген Флореску өрттү өчүрүүгө аракет кылып жаткан оорукана кызматкеринин жараланганы тууралуу маалыматты да бөлүштү.
Ковид-19 эпидемиясынын төртүнчү толкуну башталган Румынияда саламаттыкты сактоо системасы жана ооруканалардагы жүктүн оорлошкондугу билдирилди.