Ооганстанда полиомиелитке каршы эмдөө өнөктүгү

4 күндүк акциянын 5 жашка чейинки 9,9 миллион балага багытталганы белгиленди.

1732244
Ооганстанда полиомиелитке каршы эмдөө өнөктүгү

Ооганстанда полиомиелитке каршы эмдөө өнөктүгү башталды.

Коомдук саламаттык сактоо министринин орун басары Каландар Эбад билдирүүсүндө, Дүйнөлүк Саламаттык сактоо Уюму жана Бириккен Улуттар Уюмунун Балдарга жардам фонду (ЮНИСЕФ) тарабынан колдоого алынган 4 күндүк акциянын 5 жашка чейинки 9,9 миллион балага багытталганын белгиледи.

Бир балага эки доза вакцина сайыла турганын билдирген Эбад: «Балдарды шал оорусуна чалдыктырган бул ооруну жок кылуу аракеттери жүрүп жатат», - деди.

Жергиликтүү маалымат каражаттары билдиргендей, былтыр Ооганстанда 56 полиомиелит оорусу аныкталса, быйыл 1 учур катталды.



Тектеш кабарлар