Изилдөө: Дүйнө кылымдын аягында 2,4 градус ысыйт

Бул абал деңиз деңгээлинин көтөрүлүшүнө, кургакчылыкка, суу ташкындарына, ысык аба толкундарына жана андан да катуу бороондорго алып келип, дүйнө жүзү боюнча апааттарга себеп болушу мүмкүн.

1731895
Изилдөө: Дүйнө кылымдын аягында 2,4 градус ысыйт

Глобалдык температуранын жогорулашы кылымдын аягында 2,4 градуска жетет. Бул деңгээлдеги өсүштүн көздөлгөн 1,5 даражалык өсүштөн бир топ жогору экени көңүлдөрдү бурууда.

Глазгодо (Шотландия) өткөн Бириккен Улуттар Уюмунун Климаттын өзгөрүшү боюнча алкактык конвенциясынын (COP26) тараптарынын 26-конференциясында өкмөттөрдүн көмүр кычкыл газын кыскартуу убадаларына карабастан, дүйнө жүзү Париж климат келишиминин чегинен бир топ жогору жылыйт деп болжолдонууда.

Глазгодо жарыяланган изилдөөгө караганда, өлкөлөр койгон кыска мөөнөттүү максаттарга ылайык, бул кылымдын аягында температуранын жогорулашы 2,4 градуска жетет.

Бул абал 2 градустун жогорку чегинен жана COP26 сүйлөшүүлөрүндө көздөлгөн 1,5 градус чегинен ашат дегенди билдирет.

Глобалдык температуранын жогорулашы, деңиз деңгээлинин көтөрүлүшүнө, кургакчылыкка, суу ташкындарына, ысык аба толкундарына жана андан да катуу бороондорго алып келип, дүйнө жүзү боюнча апааттарга себеп болушу мүмкүн.

Климат боюнча Париж келишимине ылайык, өлкөлөр глобалдык температуранын көтөрүлүшүн 2 градустан "бир топ төмөн" боло тургандай чектөөгө убада беришкен.

Оптимисттик божомолдор, 2070-жылга чейин таза нөлдүк эмиссияны максаттаган узак мөөнөттүү планга негизделген болчу.



Тектеш кабарлар