1976 - жылы чыгарылган оригинал Apple компьютер 400 000 долларга сатылды

Apple компаниясынын негиздөөчүлөрү Стив Возняк жана Стив Жобс тарабынан 1976 - жылы чыгарылган Apple компаниясынын оригиналдуу компьютери 400 миң долларга сатылды.

1732125

БиБиСинин кабарына караганда шассиси сейрек кездешүүчү Гавайи коа жыгачынан жасалган жана  болгону 200 даанасы гана чыгарылган жана иштеген оригиналдуу "Apple 1" компьютери АКШдагы аукциондо 400 миң долларга сатылды.

Калифорниядагы John Moran Auctioneers аукцион үйү тараткан маалыматка караганда, компьютердин биринчи колдонуучусу университеттин профессору болгон, андан кийин ал компьютерди студентке 650 долларга сатканы билдирилген.

Аукциондо сатылган оригиналдуу компьютерден тышкары, колдонуу нускамасы жана Apple программасы менен 2 кассета да берилди.

Стив Возняк, Стив Жобс жана Рональд Уэйн дүйнөгө белгилүү Apple компаниясын 1976-жылы 1-апрелде Калифорниядагы гаражда негиздешкен.

Компаниянын алгачкы жылдарында Жобс менен Возняк Apple 1 компьютеринин өндүрүшүн каржылоо үчүн айрым жеке буюмдарын сатууга аргасыз болушкан.

Тектеш кабарлар