Сиерра-Леоне медициналык жардамга муктаж

Сьерра-Леонеде күйүүчү май ташыган унаа менен дагы бир унаанын кагылышынын натыйжасында болгон жарылууда 101 киши көз жумуп, 100дөн ашууну жаракат алган.

1731227
Сиерра-Леоне медициналык жардамга муктаж

Сьерра-Леоне өкмөтү, борбор калаа Фритаунда 101 кишинин өмүрүн алган күйүүчү май ташыган танкердин жарылуусунан кийин эл аралык медициналык жардам чакырыгын салды.

Улуттук басма сөздө орун алган кабарга караганда, Саламаттыкты сактоо министрлигине караштуу Медициналык жабдыктар агенттигинин башкы директорунун орун басары доктор Моизес Батима, кырсыкта күйүк алгандар үчүн шашылыш медициналык каражаттар керек экенин айтты.

Ооруканаларда бинт жана ооруну басаңдатуучу дары сыяктуу каражаттардын жетишсиз экенин айткан Батима, эл аралык чукул медициналык жардамга чакырды.

Батима Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун айрым каражаттары менен катар жардамдардын келе баштаганын, бирок бул жетишсиз экенин билдирди.

Сьерра-Леоненин борбор шаары Фритаунда 5-ноябрда күйүүчү май ташыган унаа менен дагы бир унаанын кагылышынын натыйжасында болгон жарылууда 101 киши көз жумуп, 100дөн ашууну жаракат алган.

Кырсыктан каза болгондордун элесине 3 күндүк аза күтүү жарыяланган.



Тектеш кабарлар