Япония "Эпсилон-5" ракетасын учурду

Ракетанын диаметри 2,6 метр, узундугу 26 метр жана салмагы 96 тонна экени кабарланды.

1731180
Япония "Эпсилон-5" ракетасын учурду

Япония космоско 9 спутникти ташыган «Эпсилон-5» ракетасын учурду.

Япониянын космостук изилдөөлөр агенттиги (JAXA) ракетанын түштүк-батыштагы Кагосимада жайгашкан Учиноура космос станциясынан учурулганын билдирди.

Улуттук 10 илим институту чыгарган ракетанын диаметри 2,6 метр, узундугу 26 метр жана салмагы 96 тонна экени кабарланды. 

Ракетанын катуу отун колдонгондугу жана анын жасалма интеллектинин негизинде учуруу жана иштеп чыгуу чыгымдары азайганы баса белгиленди.

Космоско багытталган изилдөөлөрдү жүргүзгөн билим берүү мекемелери менен коммерциялык фирмаларды шыктандырууну максат кылган жана 9 спутникти ташыган «Эпсилон-5» ракетасынын 5,8 миллиард иенге (51 миллион доллар) өндүрүлгөнү билдирилди.

Киодо агенттигинин маалыматына ылайык, JAXA акыркы жолу Эпсилон тибиндеги ракетасын 2019-жылдын январында учурган.



Тектеш кабарлар