Орусия: «Кара деңизде ар түрдүү провокацияга каршы даярбыз»

Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров борбор шаар Москвада Венесуэланын тышкы иштер министри Феликс Пласенсиа менен болгон жолугушуусунан кийин биргелешкен маалымат жыйынында күн тартибине баа берди.

1731051
Орусия: «Кара деңизде ар түрдүү провокацияга каршы даярбыз»

Орусия, Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) деңиз күчтөрүнө таандык согуштук кемесинин Кара деңизде ыктымал провокациясына даяр экендиктерин билдирди.

Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров борбор шаар Москвада Венесуэланын тышкы иштер министри Феликс Пласенсиа менен болгон жолугушуусунан кийин биргелешкен маалымат жыйынында күн тартибине баа берди.

Лавров Орусиянын президенти Владимир Путиндин «Ар кандай абалга даярбыз» деген билдирүүсү менен АКШнын деңиз күчтөрүнө таандык USS Mount Whitney согуштук кемесинин Кара деңизге киришине керектүү каршылыкты көрсөткөнүн белгиледи.

Украинанын чыгышындагы кризиске карата баа берген Лавров, Германия, Франция, Орусия жана Украинанын тышкы иштер министрлеринин Норманд форматындагы жолугушуусунун датасынын так эмес экенин айтты.

11-ноябрда эч кандай жолугушуу болбой турганын жана жаңы датаны сүйлөшө электигин белгилеген Лавров, мындай жолугушуунун жыйынтыгы кандай болорун украин тараптын Нормандия форматындагы мурдагы чечимдерди кандай ишке ашырганына карап түшүнүү керектигин айтты.



Тектеш кабарлар