Ирактын премьер-министри Казимиге кол салуу аракети...

Ирак өкмөтүнүн Коопсуздук медиа желеси тарабынан жасалган билдирүүдө Казиминин Багдаддын жашыл аймагындагы үйүнө «куралдуу учкучсуз учак» менен кол салуу болду.

1730283
Ирактын премьер-министри Казимиге кол салуу аракети...

Ирактын премьер-министри Мустафа аль-Казиминин резиденциясына куралдуу учкучсуз учак (SİHA) тарабынан кол салуу болуп, Казиминин аман-эсен кутулуп кеткени билдирилди.

Ирак өкмөтүнүн Коопсуздук медиа желеси тарабынан жасалган билдирүүдө Казиминин Багдаддын жашыл аймагындагы үйүнө «куралдуу учкучсуз учак» менен кол салуу болгондугу жана премьер-министрдин кол салуудан эч кандай жаракат албастан аман калганы жана ден-соолугунун жакшы экени билдирилди.

Билдирүүдө аймактагы коопсуздук күчтөрүнүн чара көрүүнү улантканы белгиленди.

Ирактын премьер-министри өзүнүн Твиттер баракчасында: «Мен жакшымын, үй-бүлөм менен биргемин. Мен бардыгын сабырдуу болууга жана сергек болууга чакырам»,-деди.

Иранга жакын ФАТХ коалициясы жана шиит Хашди Шааби тарапкерлери 10-октябрдагы шайлоонун жыйынтыгына каршы чыгып, Жашыл аймактын алдында отуруу акциясын улантышууда. 5-ноябрь жума күнү демонстранттар менен коопсуздук күчтөрүнүн ортосундагы кагылышууда коопсуздук күчтөрү тарабынан ачылган октун натыйжасында 1 демонстрант каза болгон. Мындан улам чыңалуу күчөгөн жерге барган шиит согушкер күчү Асайиб Эхлилхак кыймылынын лидери Кайс Хазали Казимиге карата коркутууларды камтыган билдирүүлөрдү жасады.

Хазалиден тышкары Фатх коалициясынын лидери Хади Амири жана шиит куралдуу күчтөрдүн бири Абу Ала ал-Велайи да Казими менен өкмөттү катуу сынга алышты. Амири демонстранттын өлтүрүлүшү жазасыз калбайт деп билдирген.



Тектеш кабарлар