Ирактын президенти Багдатта болгон окуялар тууралуу билдирди

Багдаддагы Жашыл аймактын алдында шайлоонун жыйынтыгына каршы чыккан жүздөгөн адамдар менен коопсуздук күчтөрүнүн ортосунда кагылышуу болду.

1730124
Ирактын президенти Багдатта болгон окуялар тууралуу билдирди

Ирактын президенти Бехрем Салих борбор шаар Багдатта шайлоонун жыйынтыктарына карата нааразычылык митингдеринде чыккан окуялардан кийин «тынчтык жана коомдун коопсуздугун коргоого» чакырды. Салих твиттерден берген билдирүүсүндө тынчтыкчыл митингдердин конституцияда кепилдикке алынгандыгын, тынчтыкчыл жана мыйзамдуу алкактын тышына чыкпоо керектигин белгиледи

Коопсуздук күчтөрү менен митингчилердин арасында болгон кагылышуулардын кабыл алынгыс экендигин айткан Салих болгондордун кайталанбашы жана окуялар тууралуу баштала турган тергөө ишинин  иликтениши керектигин айтты.

Тынчтанууга чакырган Салих : «Коомчулуктун коопсуздугунун сакталышы улуттук милдет. Баарынын кылдаттык менен мамиле кылышы жана улуттук кызыкчылыктарды баарынан жогору коюу керек»,- деди.

Багдаддагы Жашыл аймактын алдында шайлоонун жыйынтыгына каршы чыккан жүздөгөн адамдар менен коопсуздук күчтөрүнүн ортосунда кагылышуу болду.

Саламаттыкты сактоо министрлигинен берилген маалыматта 125 адамдын жаракат алгандыгы алардын ичинен 27 адам жарандар калганы  коопсуздук күчтөрү экендиги  маалымдалды.

Иракта 10 -  октябрда болгон парлменттик шайлоодо Иранга жакын Фатх коалициясы 14 орундук менен калып, шайлоонун жыйынтыктарына нааразычылык билдирди.

Коалиция жана шиит куралдуу колдоочулары да көптөгөн күндөрдөн бери Жашыл аймактын алдында митинг өткөрүүдө.

 



Тектеш кабарлар