Цунамилер 10 жылдын ичинде дүйнө калкынын жарымына коркунуч жаратат

БУУ 2015-жылдын декабрь айындагы Башкы ассамблеясынын жыйынында 5-ноябрды “Цунами жөнүндө маалымдуулуктун дүйнөлүк күнү” деп кабыл алган.

1729290
Цунамилер 10 жылдын ичинде дүйнө калкынын жарымына коркунуч жаратат

Цунамилер 10 жылдын ичинде дүйнө калкынын 50 пайызына коркунуч жаратат.

Бириккен Улуттар Уюму (БУУ) 2015-жылдын декабрь айындагы Башкы ассамблеясынын жыйынында 5-ноябрды “Цунами жөнүндө маалымдуулуктун дүйнөлүк күнү” деп кабыл алган.

Ушул алкакта БУУнун 2020-жылы жарыялаган отчетуна ылайык, цунами апааты алдыбыздагы 10 жылда дүйнө калкынын 50 пайызына коркунуч жаратат.

Отчетто туура саясаттарды жана чараларды көрүү менен ыктымалдуу кырсык сценарийлерин алдын алууга жардам берери айтылды.

Цунамини эң ​​коркунучтуу табигый кырсыктар катары кабыл алган БУУ цунами коркунучу бар аймактарда урбанизация жана туризмдин алдын алуу керектигин, антпесе көптөгөн адамдардын коркунучка кабылышы мүмкүн экенин эскертти.

Цунамиден эң көп жабыр тарткан өлкөлөрдүн катарына Шри-Ланка, Индия, Индонезия, Таиланд жана Япония кирди.

БУУнун жана Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун маалыматы боюнча, акыркы 100 жылда болгон 58 цунамиден 260 миңдей адам каза болду.

Япон тилиндеги "Цунами" термини "цу" (порт) жана "нами" (толкун) деген сөздөрдөн турат. "Цунами" термини суу астындагы күчтүү жер титирөөдөн улам пайда болгон ири океан толкундарын аныктоо үчүн колдонулат.

Рихтер шкаласы боюнча күчү 6,5тен кем эмес суу астындагы жер титирөө цунамилерди жаратышы мүмкүн.

Жер титирөөлөрдөн тышкары, жер көчкүлөр, вулкандардын атылышы, суу астындагы көчкүлөр жана жээктеги таштардын кулашы да цунамиге алып келиши мүмкүн.



Тектеш кабарлар