Орусия Кара деңизде АКШнын кемесине көз салып жатат
Орусиянын Коргоо министрлиги жазуу түрүндө билдирүү жасады.
1729409
Орусия Кара деңизге кирген Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) деңиз күчтөрүнө таандык «Mount Whitney» аттуу амфибиялык командалык кемесинин байкоого алынганын жарыялады.
Орусиянын Коргоо министрлигинин жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, АКШнын деңиз күчтөрүнө таандык кеменин бүгүн Кара деңизге киргени белгиленди.
Билдирүүдө Орусиянын Кара деңиздеги деңиз флотунун, АКШнын «Mount Whitney» амфибиялык командалык кемесинин маневрлерине көз салып жатканы кабарланды.
Тектеш кабарлар
Газада каза болгондордун саны
Израилдин Газага 206 күндөн бери улантып жаткан кол салуулары тууралуу маалымат берилди.