Музыка угуунун пайдасы

Изилдөөгө 37 ыктыярчы катышты.

1729354
Музыка угуунун пайдасы

Музыка угуу психикалык чарчоону басаңдатуу үчүн көнүгүү сыяктуу натыйжалуу.

Франциянын Ницца шаарындагы Бургон Франш-Комт университети тарабынан жүргүзүлгөн изилдөөдө, физикалык көнүгүү жана музыка угуунун психикалык чарчоону басаңдаары аныкталды.

Изилдөөгө катышкан 37 ыктыярчы топторго бөлүндү.

Катышуучуларга фокус жана мээ көнүгүүлөрүн камтыган кыймыл-аракеттерден чарчаганга уруксат берилди. Андан кийин бул топтун бир бөлүгү жөө басуу, велосипед тебүү сыяктуу көнүгүүлөрдү жасаса, экинчи топ жөн гана сүйүктүү музыкасын угушту.

Акыркы топтон болсо эч нерсе кылбоону суранышты. Кыймыл аракеттерден кийин топтор кайрадан тестирлөөдөн өтүп, алардын аткарган иштерине баа берилди.

Дене тарбия көнүгүүлөрүн жасагандар менен музыка уккандар бирдей жыйынтыкка ээ болушту.

Бул эки топ тыныгуу алгандарга караганда акыркы баа берүүдө ийгиликтүү болду.

Көнүгүү жасоо жана музыка угуу психикалык чарчоону азайтары аныкталды.

Изилдөө Neuroscience журналында да жарыяланды.



Тектеш кабарлар