Марк Милли : "Тайванды Кытайга каршы толук колдоого алабыз"

АКШнын башкы штабынын төрагасы, армиянын генералы Марк Милли АКШ армиясынын Кытайдын ыктымалдуу  кол салууларына каршы Тайванды «толук колдоого алышарын» белгиледи.

1729463

The Hillдин кабарына караганда Милли Аспен коопсуздук форумунда сөз сүйлөп, Кытай менен Тайвандын ортосундагы чыңалууга баа берди.

Милли Кытайдын Тайванга келерки 2 жылдын ичинде көзөмөлгө алуу аракетинде болууну күтпөгөндүгүн бирок мунун ишке ашышы менен АКШ армиясынын  толугу менен «аралды коргой аларын» айтты.

Кытай аралды көзөмөлгө алууга аракет кылса, кийлигишүү чечиминин Ак үйгө көз каранды болорун белгилеген Милли, Пекин башкаруусунун күн тартибинде бул кадамга баруусу үчүн пландар даярдалып жатканын баса белгиледи.

Милли ошондой эле Кытайдын акыркы гиперүндүү ракета сынагына токтолуп, мунун дүйнөлүк согуштардан  берки эң маанилүү глобалдык күч алмашуулардын бири экенин айтты.

Генерал Милли 28 - октябрда Кытайдын гиперүндүү ракета системасын сыноосунун «маанилүү бир абал» экендигин баса белгилеп, бул абалды «тынчсыздандыруучу» деп мүнөздөдү.

Тектеш кабарлар