Либерияга 68 миң доза J&J вакцинасы берилди

J&J вакцинасынын 68 миң дозасы борбор Монровияга жетти.

1729170
Либерияга 68 миң доза J&J вакцинасы берилди

Либерия коронавируска (Ковид-19) каршы күрөшүүнүн алкагында Жонсон жана Жонсон (J&J) чыгарган вакцинанын 68 миң дозасын алды.

Дүйнөлүк Саламаттык сактоо Уюмунун төмөн жана орто кирешелүү өлкөлөрдө вакциналарга бирдей жетүүнү камсыз кылууну максат кылган Ковид-19 вакциналарынын глобалдык жеткиликтүүлүгү программасынын алкагында берилген J&J вакцинасынын 68 миң дозасы борбор Монровияга жетти.

Либериянын саламаттыкты сактоо министри Вильгельмина Жаллах, тапшырылып алынган вакциналардын алардын пандемияга каршы күрөшүүсүнө жардам берерин билдирди.

Болжол менен 5 миллион калкы бар Либерияда пандемия башталгандан бери 287 адам каза болуп, 5 миң 815 адам вирусту жуктуруп алды. 


Этикеткалар: #J&J вакцинасынын

Тектеш кабарлар