БУУ: Өткөн жылы 62 журналист кызмат учурунда каза болду

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) баш катчысы Антониу Гутерриш видеокайрылуу жасады.

1728382
БУУ: Өткөн жылы 62 журналист кызмат учурунда каза болду

Былтыр 62 журналисттин кызмат учурунда набыт болгону билдирилди.

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) баш катчысы Антониу Гутерриш “2-ноябрь- Журналисттерге каршы кылмыштар үчүн жазасыздыкты жоюунун эл аралык күнүнө” карата жарыялаган видеокайрылуусунда: «Мыйзамсыз иштерди иликтеген жана чындыкты айткан журналисттерсиз бир дагы коом эркин боло албайт»,- деди.

Өткөн жылы 62 журналисттин кызмат учурунда өлтүрүлгөнүн айткан Гутерриш, акыркы жылдарда коррупция жана адам укуктарынын бузулушун иликтеп жатып каза болгон журналисттердин санынын көбөйгөнүнө көңүлдөрдү бурду.

Журналисттерге каршы жасалган ар 10 кылмыштын 9у жазасыз калганын белгилеген Гутерриш, журналисттердин өз ишин аткарып жатканда уурдоо, коркутуу, кыйноо сыяктуу коркунучтарга кабылганына көңүл буруп, өлкөлөрдү журналисттерге багытталган кылмыштарды иликтөөгө жана жазасыз калтырбоого чакырды.



Тектеш кабарлар