Антониу Гутерриш Эфиопияда күчөгөн ок атышууну токтотууга чакырды

Гутерриш өзүнүн басма сөз катчысы Стефан Дужаррик аркылуу Эфиопияда күчөгөн зордук-зомбулукка жана өкмөттүн өзгөчө кырдаал жарыялоо чечимине терең тынчсыздануусун билдирди.

1728675
Антониу Гутерриш Эфиопияда күчөгөн  ок атышууну токтотууга чакырды

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) баш катчысы Антониу Гутерриш Эфиопияда күчөгөн кагылышуулардан жана өзгөчө кырдаал чечиминен кийин ок атышууну токтотууга чакырды.

Гутерриш өзүнүн басма сөз катчысы Стефан Дужаррик аркылуу Эфиопияда күчөгөн зордук-зомбулукка жана өкмөттүн өзгөчө кырдаал жарыялоо чечимине терең тынчсыздануусун билдирди.

Гутерриш Эфиопиянын жана аймактын ырааттуулугу коркунучта экенин эскертип, өкмөттүк күчтөрдү жана Тиграй Элдик Боштондук фронтун (TPLF) согушту токтоосуз токтотууга жана кеңири камтыган улуттук диалогду баштоого чакырды.

Эфиопия өкмөтү 2-ноябрда өлкөнүн түндүгүндө алдыга жылган козголоңчу Тиграй Элдик Боштондук фронтунун (TPLF)  чабуулдарынан улам өлкөдө өзгөчө кырдаал жарыялады жана Аддис-Абебага Тиграй Элдик Боштондук фронтунун (TPLF)  ыктымал кол салууларына каршы коргонуу боюнча атайын топтор түзүлдү.

Өлкөдө Федералдык армия менен TPLF ортосундагы кагылышуулар 2020-жылдын ноябрь айынан бери уланууда.

Катуу кагылышуулардан кийин Амхара провинциясындагы Десси жана Комболча шаарларын алган TPLF күчтөрүнүн борбордон 350 километрдей алыстыкта ​​экени белгиленди.

 



Тектеш кабарлар