Нигерияда курулуп жаткан имарат кулады
Кырсыктан 3 киши каза болуп, 3 кишинин жаралуу куткарылгандыгы билдирилди.
1728092
Нигериянын соода боюнча борбор шаары Лагосто курулуп жаткан 21 кабаттуу имараттын кулашы менен 3 киши каза болду.
Лагос штатынын полиция башчысы Хаким Одумосу Икойи районунда курулуп жаткан 21 кабаттуу үйдүн кулашынан кийин издөө - куткаруу иштеринин башталганын билдирди.
Одумосу учурда 3 кишинин сөөгүнүн табылгандыгын, 3 кишинин да урандыдан жаралуу чыгарылганын айтты.
Жаралуулардын ооруканага жеткирилгенин белгилеген Одумосу издөө - куткаруу иштеринин улантылып жаткандыгын, урандылардын астында ондогон адамдардын бар экени болжолдолуп жаткандыгын айтты.