Йеменде акыркы үч күндө 15 жаран каза болду
Жарандык согуш болуп жаткан Йеменде акыркы үч күндө 15 жарандын каза болгондугу билдирилди.
Жарандык согуш болуп жаткан Йеменде акыркы үч күндө 15 жарандын каза болгондугу билдирилди.
Йемендеги БУУнун гуманитардык жардам координациясы офисинин твиттерден берилген маалыматында өлкөдөгү кагылышуулардын жарандарга тескери таасир тийгизгендиги белгиленди жана «Акыркы үч күндө Таизде үч бала жана Марибде 12 киши алардын ичинен бир бала каза болду»,- деп маалымдалды.
«Жарандар эл аралык мыйзам боюнча коргоо астында, бутага алынбайт»,- деген эскертүү берилген билдирүүдө каза болгондорго байланыштуу эч бир тарапка айып коюлган жок.
Йемен өкмөтү болсо бул жарандардын өлүмү үчүн хусилерди айыптады.
Көп убакыттан бери саясий туруксуздук өкүм сүрүп келген Йеменде Иран колдогон хусилер менен өкмөткө караштуу күчтөрдүн ортосунда кагылышуулар болууда.
Хусилер 2014 - жылдын сентябрь айынан бери борбор шаар Сана жана кээ бир аймактарды көзөмөлгө алып, Сауд Арабия жетектеген коалиция күчтөрү 2015 - жылдын март айынан бери хусилерге каршы Йемен өкмөтүнө колдоо көрсөтүүдө.
Өлкөдө 7 жылдан бери келе жаткан кагылышууларда 233 миң адам каза болду.
Тектеш кабарлар
Газада уранды астында 10 миңден ашуун киши дайынсыз жоголду
Газадагы жарандык коргонуу директорлугунан темага байланыштуу жазуу түрүндө мсаалымат берилди.