АКШнын Тайвань аскерлерин машыктыргандыгы билдирилди
Тайвань 40 аскеринин Тынч океанда АКШга караштуу Гуам аралында Америка күчтөрү тарабынан машыктырылгандыгын жарыялады.
Тайвань 40 аскеринин Тынч океанда АКШга караштуу Гуам аралында Америка күчтөрү тарабынан машыктырылгандыгын жарыялады.
Taiwan Newsтын кабарына караганда Тайвань Коргоо министри Чиу Куо - чэнги билдирүүсүндө Гуам аралындагы жаңы курулан АКШ базасында 40 Тайвань аскерлеринин машыктырылуусунун «өзгөрүү циклинин бир бөлүгү» экендигин белгилеп, спекуляциянын кереги жок экенин айтты.
Чиу : "Тайвань менен АКШнын ортосундагы алмашуу жана кызматташтык көп жылдар бою жакшы негизде курулган",- деди.
Кытай менен талашып жаткан Тайвань аралындагы өкмөттүн лидери Цай Ин-вэн 28 - октябрда АКШнын Пекиндин ыктымалдуу кийлигишүүсүнө же оккупациясына каршы аралды коргой тургандыгына ишенгендигин билдирди.
Тайвандын лидери Цай CNN International телеканалына берген маегинде америкалык аскерлердин Тайванга биринчи жолу Тайвань армиясын машыктыруу үчүн келгенин ырастады.