Путин өлкөсүнүн климатты коргоо боюнча эл аралык аракеттерге жигердүү катышып жатканын билдирди

Италиянын төрагалыгы астында Римде өткөрүлгөн Чоң жыйырмалыктын лидерлер саммитинин экинчи күнүндө Путин «климаттын өзгөрүшү жана айлана-чөйрө» сессиясына онлайн түрдө катышып, сөз сүйлөдү.

1727110
Путин өлкөсүнүн климатты коргоо боюнча эл аралык аракеттерге жигердүү катышып жатканын билдирди

Орусиянын президенти Владимир Путин, анын өлкөсү климатты коргоо боюнча эл аралык аракеттерге жигердүү катышып жатканын жана Бириккен Улуттар Уюмунун Климаттын өзгөрүшү боюнча алкактык конвенциясы жана Париж келишими боюнча бардык милдеттенмелерин аткарып жатканын билдирди.

Италиянын төрагалыгы астында Римде өткөрүлгөн Чоң жыйырмалыктын лидерлер саммитинин экинчи күнүндө Путин «климаттын өзгөрүшү жана айлана-чөйрө» сессиясына онлайн түрдө катышып, сөз сүйлөдү.

Орусиянын башка өлкөлөр сыяктуу глобалдык ысып кетүүнүн терс кесепеттерин көрүп жатканын баса белгилеген Путин, өлкөсүнүн чөлгө айлануу жана топурак эрозиясына кабылганын, өзгөчө дайыма тоңуп турган жерлердин эришинен тынчсыздангандарын айтты.

Орусияда аз көмүртектүү энергетикадагы өнүгүүлөргө көңүл бурган Путин, атомдук станциялар, ГЭСтер, шамал жана күн электр станциялары сыяктуу көмүртексиз булактардан алынган энергиянын үлүшү өлкөдө 40 пайыз экенин айтты. Бул үлүшкө эң аз көмүртектүү отун жаратылыш газ кошулганда ал 86 пайызга жеткенин маалымдады.

Орус лидери: «Бул дүйнөдөгү эң жакшы көрсөткүчтөрдүн бири»,-деди.

Эл аралык эксперттерге караганда дүйнөлүк декарбонизация процессинде Орусиянын алдыңкы өлкөлөрдүн арасында болгонун баса белгилеген Путин, акыркы 20 жылда өлкөнүн экономикасындагы көмүр кычкылынын жыл сайын орточо 2,7 пайызга азайгандыгын айтты.

Орусиянын эң аз 2060-жылга чейин көмүр кычкыл газын нөлгө түшүрүүнү максат кылганын жана буга чечкиндүү экенин белгилеген Владимир Путин, Орусияда чогулган парник газынын эмиссия көлөмүнүн Европа Биримдигинен аз болушун да каалашкандарын айтты.



Тектеш кабарлар