Индия баллистикалык ракетасын сынады
«Агни-5» аттуу ракетанын сыноосу ийгиликтүү өткөнү белгиленди.
1726109
Индия 5000 километр аралыкка жетүүчү өзөктүк кубаттуу континенттер аралык баллистикалык ракетасын сынаганын жарыялады.
Индия өкмөтүнүн билдирүүсүндө, өлкөнүн чыгыш жээгиндеги аралдан учурулган жана 5 миң километрге жете ала турган «Агни-5» аттуу ракетанын сыноосу ийгиликтүү өткөнү белгиленди.
Билдирүүдө ракета сыноосунун «ишенимдүү минималдуу тоскоолдук саясатына» ылайык ишке ашырылгандыгы белгиленди.
«Агни-5» баллистикалык ракетасынын Кытайды толугу менен жок кыла алары айтылууда.